Кр борбордук шайлоо комиссиясы (кр бшк)
Көрүнүш
Кр борбордук шайлоо комиссиясы (кр бшк) – КРде шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү үчүн түзүлгөн комиссиялардын курамын башкаруучу, туруктуу иштөөчү, көзкарандысыз мамлекеттик орган. КР Президентин, КР ЖК депутаттарын шайлоону, КР референдумдарын даярдоо жа-на өткөрүү, шайлоо блокторун жана референдумдун демилгелүү топторун каттоодон өткөрүү, шайлоолор жөнүндөгү мыйзамдардын бирдей аткарылуусун камсыз кылуу, төмөнкү шайлоо комиссияларынын ишмердигине жетекчиликти ишке ашыруу, жарандардын, коомдук бирикмелердин шайлоо укуктарын камсыз кылуу, шайлоолорду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу негизги милдети. КР БШК туруктуу иштейт, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жылга белгиленген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7