Ксенофонт

Википедия дан

Ксенофонт (б. з. ч. 444-жылдан мурун, Афины – б. з. ч. 356-жылга чейин, Коринф) – байыркы грек жазуучусу жана тарыхчысы, Афины кол башчысы жана саясатчысы, Сократтын шакирти. Ак сөөк үйбүлөдөн чыккан. Б. з. ч. 403-ж. Отуз тирандын олигархиялык өкмөтү кулаган соң, Афиныдан кетип, Персия падышасы Артаксеркс IIге каршы жортуулга катышкан. Коринф согушунда (б. з. ч. 395–387) Спартага жардам бергендиги үчүн Ксенофонтту Афины соту сыртынан өлүм жазасына кескен. Ал Элиадада калып, чарбачылык менен кесиптенген. 369-жылдары Ксенофонттун Афиныда жарандык укугу калыбына келтирилген, бирок ал өз мекенине кайтып барган эмес. Ксенофонт байыркы замандын көрүнүктүү авторлорунун бири болгон. Анын дээрлик бардык эмгектери биздин убакка чейин жетти. Ксенофонт Фукидиддин «Грек тарыхын» (7 китептен турган) улантып, б. з. ч. 401жылдан 362-жылга чейинки окуяларды демократияга каршы көз карашта баяндаган. Анын «Сократтык дил баяндар» («Сократтын апологиясы», «Сократ жөнүндө эскерүү», «Пир») аттуу Сократтын философиясына баяндама эмгеги Грекиянын социалдык, экономикалык, саясий тарыхы үчүн маанилүү булак болгон. Ксенофонттун чыгармалары антикалык сөз сүйлөөнүн классикалык үлгүсү катары эсептелген жөнөкөй, бирок бай тил менен жазылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]