Ксерофиттер

Википедия дан

Ксерофиттер (байыркы грек тилинде ξερός – кургак, φυτόνn – өсүмдүк) – кургакчыл, ным жетишсиз жерде өсүүчү, ысыкка чыдамдуу өсүмдүктөр. Ксерофиттер көбүнчө талаа, чөл, боздоңдо өсүп, кургакчылыкка өсүүгө ыңгайланышына жараша айырмаланат. Суккуленттер (кактус, алоэ, агава ж. б.) ткандарына суу топтоп, кургакчыл мезгилде аларды акырындык менен үнөмдүү сарптайт. Гемиксерофиттер (мисте, төө тикен ж. б.) – тамыры өтө терең кетип, нымды жер тереңинен алат. Пойкилоксерофиттер – негизинен өзүнүн суу режимин жөнгө салалбаган жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр (эңилчек, мамык чөп ж. б.). Суусуз калышса, анабиозго (тиричилиги өтө жай) өтүп, ным жетиштүү болгондо, кайра өсүүгө жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]