Ктесий Книдский

Википедия дан

Ктесий Книдский - байыркы грек тарыхчысы, Ктесиархтын же Ктесиоханын уулу, Книд шаарынан чыккан. Туулган жана кайтыш болгон жылы белгисиз бойдон калууда, бирок болжол менен б.з.ч 5чи кылымдын ортосунда төрөлгөн жана 4чү кылымда кайтыш болгон. Дарыгерлер үй-бүлөсүнөн чыгып жана атактуу Гиппократтын тууганы, өзү да врач болгон жана медицина тармагында жазган. Борбордук Азиянын тарыхы үчүн аны мекендеген элдер тууралуу Ктесийдеги маалыматтар Геродоттон кийинки жазма булактардын бири катары өзгөчө мааниге ээ. Ктесийдин чыгармалары бизге баштапкы түрдө жеткен эмес, башка авторлордун чыгармаларындагы үзүндүлөрдөн гана белгилүү. Ошондуктан тактыгы кээде күмөн жаратат. Борбордук Азия чөлөкмүндө жашаган элдер анын ичинен бактрийлер,гиркандар,сактар,дербиктер,баркандар жөүдө маалыматтарды берет. Ктесийдин маалыматтары кээде Героддотун маалыматтарын толуктап турат. "Истории Персии" деген эмгеги сактар тууралуу маалыматтарды берет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Т.Джуманалиев "Хрестоматия по дреней и средневековой истории Кыргызстана"