Куб

Википедия дан

Куб (грекче kebos, латынча cubus) – 1) грандары бири-бирине барабар 6 квадраттан турган тик бурчтуу параллелопипед. Куб параллелопипеддин бардык кассиеттерине ээ. Кубдун өз ара перпендикуляр 12 кыры, өз ара перпендикуляр 3төн кыры келип кошулган 8 чокусу болот. Куб диагоналдары кесилишип өткөн борбордук, 9 октук, 9 тегиздиктик симметрияга ээ. Карама-каршы жаткан грандарынын борболору аркылуу өткөн түз сызык же бир гранда жатпаган карама-каршы эки кырынын ортолору аркылуу өткөн түз сызык Кубдун симметрия огу болсо, каалаган эки симметрия огу аркылуу өткөн тегиздик Кубдун симметрия тегиздиги болот. Кыры а болгон Кубдун диагоналы a , толук бети Sт.б.=6а2, көлөмү V=а3деп табылат. Кубга ичтен сызылган сферанын радиусу r=a/2 болсо, ага сырттан сызылган сферанын радиусу ге барабар. Куб. кээде туура гексаэдр деп да аталат. 2) а санынын үчүнчү даражасы а • а • а=а3 ошол сандын Кубу деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]