Кубалап жетмей

Википедия дан

Шарттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—20 киши,

Оюн өткөрүлүүчү жер; аянтча, талаа, спорттук бөлмө, стадион.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жетекчи шайланат, калган оюнчулар эки топко бөлүнөт. Топтордун арасы 2—3 м. Оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюн жетекчисинин буйругу боюнча бир топтун оюнчулары качышат, экинчилери аларды кубалашып жетүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу кубалашып жеткен же болбосо жеткирбей качкан оюнчулардын тобу жеңишке жетишишет.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тегеренип жүгүрүп бир бирин кубалашуу.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйруктан мурда аракеттенүүгө, аралыкты кыскартууга же узартууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык тарбияланат. Бир нерсеге көңүл коюуга жүгүрүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]