Кубанычбек Аманкулов

Википедия дан

Аманкулов Кубанычбек (2.11.1952-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - экономист, жетекчи кызматкер.

  • 1973-ж. Фрунзе шаарындагы кооперация техникумунун азык-түлүк товарларын жүгүртүү бөлүмүн бүтүргөн (1975).
  • Эмгек жолун Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда жумушчу болуп баштаган.
  • Кийинчерээк сатуучу, товар жүгүртүүчү.
  • 1979-94-жылдары соода бөлүмүнүн башчысы, башкарманын орун басары, 1994-97-жылдары Суусамыр совхозунда кампа башчысы, 1997-2004-жылга чейин Кара-Балта нефтебазасында (АЗС № 5) оператор болуп эмгектенип келди.
  • 2004-жылдан Суусамыр айыл округунда экономист-статист болуп иштейт.
  • Суусамыр айылдык кеңешке 2 жолу депутат болуп щайланган.
  • Кыргыз керек-жарак коомунун, райондук бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
  • 2007-жылдан Суусамыр айылынын Аксакалдар сотунун мүчөсү.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9