Кубатбеков Алмаз Анарбекович

Википедия дан

Кубатбеков Алмаз Анарбекович (2.2.1975-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - медицина илимдеринин кандидаты (2007), Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери (2010). Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүткөн (1999).

1999-2001-жылдары Бишкек шаардык №4 тез жардам клиникалык бейтапканасынын травматология жана ортопедия адистиги боюнча клиникалык ординатурасын өткөн. 2001-2004-жылдары Кыргыз курортология жана кайра калыбына келтирүү, дарылоо илимий-изилдөө институтунун кенже илимий кызматкери, 2004-08-жылдары Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун №1 жаракат бөлүмүндө дарыгер-ординатор, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын травматология, ортопедия жана кечиктирилгис хирургия кафедрасында ассистент, 2008-11-жылдары Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна караштуу дарыгерлердин дасыгуусун жогорулатуу жана клиникалык ординатура бөлүмүнүн башчысы, 2011-жылдан бери Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда башкы дарыгер. 25 илимий макаланын жана 2 рационализаторлук сунуштун автору.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (2012), Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун (2008) “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6