Кубатова Сүйүнбүбү

Википедия дан

Кубатова Сүйүнбүбү – акын. Жумгал районунун Фрунзе айылынын Миң-Теке кыштоосунда 1956-жылы 16-январда туулган. 1973-жылы Жумгал районундагы Көк-Ой орто мектебин, 1980-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетинин китепкана бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун Кыргызполиграфкомбинатында мукаба жасоочу болуп иштөө менен баштаган. 1981-жылдан өз кесиби боюнча Н.Г.Чернышевский атындагы республикалык китепканада 15 жылдан ашуун эмгектенип, «Манас» эпосу кыргыз элинин улуу мурасы», «Кыргызстандын архитектуралык эстеликтери: Кылымдардын түпкүрүндө», «Кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде», «Чыңгыз Айтматов» сыяктуу бир нече Адабияттардын аннотацияланган көрсөткүчтөрүн түзүп чыккан.

Чыгармачылыгы мектепте окуп жүргөн кезинен башталып, ырларды жаза баштаган.

Анын 20га жакын ырларына музыка жазылып, «Сапардагы ыр», «Жалгызымсың», «Ардагыңдан бөлүнбө», «Бар бол балам», «Тай күлүк», «Сен экөөбүз» ж.б. ырлары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган жана «Кербез», «Бала кербез», «Милдет, эрдик, ар-намыс» ырлар жыйнактарына жана республикалык гезит-журналдарда жарыяланган.

“Ар-Намыс” партиясы уюштурган патриоттук ырлардын фестивалынын лауреаты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган «Интеллект, чыгармачылык жана турмуш» аттуу коомдук-популярдуу, көркөм адабий-массалык журналына ар түрдүү темадагы бир нече макалалары жарык көргөн.

Учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматында котормочулук кызматында эмгектенип келет.

Аталган мекеменин Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү.

2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандыктар Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде: Адабияттардын аннотацияланган көрсөткүчү. – Ф.: Кыргыз Республикасынын В.И.Ленин атындагы мамлекеттик китепканасы. – 1985. – 20 б.

«Манас» эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы: Адабияттардын аннотацияланган көрсөткүчү. – Ф.: Кыргыз Республикасынын В.И.Ленин атындагы мамлекеттик китепканасы. – 1986. – 20 б.

Сапардагы ыр: Ырлар. – Б.: Басма-Тамга, 2008. – 110 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]