Мазмунга өтүү

Кубат бий, Калча уулу

Википедия дан

Кубат бий Калча уулу, Кубат мырза — (1690—1761) экинчи жарымында Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын төбөлү, кол башчы, саясий ишмер; кушчу уруусунан чыккан бий.

Кубат Калча уулу

Негизги маалымат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калча уулу Кубат 18-кылымдын башында төрөлгөн. Анын атасы жуңгар жапырыгында сүрүлгөн кыргыздардын Анжиянга жайгашкандарынын башчысы болгон. Кубат эр жеткенде жуңгарларга каршы согуштарда Абдыкерим бий жетектеген кокон-кыргыз союзундагы мыкты баатырлардын бири катары тааныла баштаган.

Кокон хандыгынын өнөктөшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кокон башкаруучусу Абдыкерим бийдин мезгилинде жуңгарлардын баскынчылыгына каршы биргелешип сокку уруу үчүн Кокон бийликтери Кубат бий башында турган кыргыздар менен союз түзүп, алардын биргелешкен күчү баскынчыларды Ферганадан кууп чыккан. 1751-жылы Кокондогу бийликке Эрдене бий келгенде, кыргыз баатырлары союздан бөлүнүп, ата-журт үчүн чыгышка карай жортуул башташса, ал эми Кубат баатыр кокондуктар менен бирге болуп, батышка карай уюштурулган жортуулдарга катыша баштаган. Кокон хандыгын Эрдене бий башкара баштаган кезде, Оротөбөгө ээ болуу максатында ал кыргыз бийлери менен өнөктөш болууга аракеттенип, мына ушул кырдаалда да Кубат бий негизги ролду ойногон. Бирок, 3 жылдан кийин Оро-Төбөдөгү түшүнбөстүктөрдөн улам анын кокондуктар менен болгон мамилеси бузулган.

Цин империясына каршы күрөш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1755-жылы Кубат бий Цин империясына каршы боштондук кыймыл жүргүзүп жаткан кашкарлык Жусуп Кожонун чакырыгы боюнча аскерлери менен Чыгыш Түркстанга кеткен. 1755-жылы Кубат баатыр-бий өз күчүн цин-манжуларга каршы багыттоону чечип, Кашкар тараптагы согуштарга катышууга жөнөгөн.

Кубат мырза Чыгыш Түркстандын боштондугу үчүн күрөшкөн кожолорго аскердик жактан зор көмөк көрсөтүп, акысына Кашкардын айланасындагы кызылсуулук кыргыздардын үстүндөгү бийликке ээ болгон жана ал жерде өз алдынча кыргыз хандыгын түптөгөн. Тарыхый булактарда айтылгандай, Кубат бий «кыргыздын падышасы» аталып, «өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп же ажырашып турган». Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен.

Бирок, 2 жылдан кийин кытай тыңчыларынын аракети менен ички келишпестиктер пайда болуп, Кубат хан кайра Фергана өрөөнүнө кетүүгө аргасыз болгон. Анын кетиши менен Шинжаң аймагы Цин империясынын карамагына өткөн.

Ошту коргоп калуу аракети

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондон кийин Кубат хан Ошту коргоп калуу үчүн кокондук Эрдене бий менен тирешүү баштап, бирок көп өтпөй колго түшүп, өлтүрүлгөн. Ал жакта набыт болгонун уккан карындашы Аксуусар мындай деп кошкондугу эл оозунда айтылат: «Кубат хан өлбөй кут өлдү, кушчу, мундуз журт өлдү».

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]