Кугультинов Давид Никитич

Википедия дан

Кугультинов Давид Никитич (13. 3. 1922, Калмакстан, Гахан-Абганара айылы – 17. 6. 2006, Элиста) – калмак совет акыны, Калмакстан эл акыны (1969). Москвадагы М. Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн (1960). Чыгармачылыгы 1936-жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйнагы «Жаштык ырлары» деген ат менен 1940-ж. жарыкка чыккан. Д. Кугультинов – «Сүйүү жана согуш» (1957), «Маобит туткуну» (1958), «Сар-Герел» (1963–64) ж. б. поэмалардын, «Турмуш жана ой жүгүртүү» (1963–67), «Жылдар» (1939–67), «Ситара Девинин бийи» (1969), «Жакын жана алыс» (1972), «Курак» (1973) ж. б. ыр циклдеринин автору. «Мен курбалыңмын» (1966) ыр жыйнагы үчүн М. Горький атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлык (1967), «Апрель чакырыгы» деген ыр китеби үчүн СССР мамлекеттик сыйлык (1976) алган. Чыгармачылыгын баштагандан эле өзүн романтик акын катары тааныткан. Д. Кугультиновдун айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]