Кудайбердиев Нишанбай

Википедия дан

Кудайбердиев Нишанбай[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1917-жылы Кара-Булак жарык дүйнөгө келген. Үч күндөн кийин энеси өлүп, чоң энесинин колунда тарбияланган. 1930-жылы Сүлүктүдөгү шахтыга кенчи болуп ишке кирген. 1937-жылы Новосибирскидеги тоо-кен иниститунун бүтүрүп келип. Сүлүктүдө тоо материнен шахтанын начальнигине чейин жетет. 1939-жылы Финляндия согушуна катышат. Ата Мекендик согушка да офицердик кыска курсун бүтүрүү менен аяктаган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Согуштагы эрдиктери үчүн Ата Мекендик согуштун 1, 2-даражадагы , Кызыл Жылдыз, А.Невский ордендери , согуштагы эрдиктери үчүн, Польша үчүн медалдары менен сыйланат. Согуштан кийин Сүлүктүдө началник шахта болуп иштеп И. Раззаковдун убагында Кыргызстан КП БКнын оор өнөр-жай бөлүмүндө эмгектенет. Андан кийин Сүлүктү шаарына келип 13-жыл шаардык комитеттин 1-катчысы , шаардык аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген. Эки жылдык партиялык мектепти , жогорку партиялык мектептерди бүтүргөн. 1967-жылы ардактуу пенсияга чыгып, Кара-Булкакка көчүп келген.
Анын жетекчилигинде Сүлүктүдөгү Восточный поселогу курулуп бүткөрүлгөн . Сүлүктү-Самат водопроводу бүткөрүлгөн. Шаардын экономикасы жогору көтөрүлгөн . Сациалдык, маданий жактан Сүлүктү көркүнө келген. Шахтерлордун турмушу ондолгон. Эмгеги бааланып, бир нече медаль , грамота, дипломдор менен сыйланган. Кара-Булакта бир көчө Кудайбердиев ысымына коюулган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадаминов Г. "Лейлек тарыхы" Бишкек, 2004-жыл.