Кудайбердиев Ызан Кожонович

Википедия дан

Кудайбердиев Ызан Кожонович (1959-ж.т., Терек-Сай шаарчасы) - коомдук ишмер, Билим берүүнүн отличниги.

  • Ош мамлекеттик педагогика институтун бүткөн (1985).
  • Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1978- 80).
  • 1976-78-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунда жумушчу,
  • 1984-86-жылдары “Каныш-Кыя” орто мектебинде мугалим, мектептен тышкаркы иштер боюнча директордун орун басары, 87-жылдары райондук билим коомунун жооптуу катчысы,
  • 1987-89-жылдары райондук элдик көзөмөлдөө комитетинин башчысынын орун басары,
  • 1989-90-жылдары Чаткал райондук партиялык комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн инспектору,
  • 1990-91-жылдары “Ак-Таш” совхозунун партиялык комитетинин катчысы,
  • 1996-99-жылдары Кайың-Суу жана С.
  • Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин директору,
  • 1999-2000-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору,
  • 2000-04-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
  • 2004-2015-жылдары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6