Кудаяров Абдужалил

Википедия дан

Кудаяров Абдужалил – акын. 1956-жылы 4-февралда Тажикстандагы Шороп шаарында туулган.

1974-жылы Баткен районуна караштуу Орто-Боз айылындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебин бүтүргөн.

1975–1977-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1977–1979-жж. А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрынын эки жылдык студиясында вокал өнөрү боюнча билим алган.

1979–1984-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунда иштеген.

1986-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, Баткен райондук «Кызыл Туу» гезитинде бөлүм башчы, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими болгон.

Анын адабиятка болгон шыгы мектеп партасынан башталып, ырлары мектептин дубал гезитине, «Энекем» аттуу ыры райондук «Кызыл Туу» гезитине жарыяланган.

1980-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун алдындагы Алыкул Осмонов атындагы «Дүбүрт» адабий ийриминин активдүү мүчөсү болгон.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жамгыр жана сен: Ырлар. – Б.: Кыргызстан, 1996. – 77 б.

Махабат жазы: Ырлар. – Б.: Көкө Теңир, 1998. – 92 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]