Кудаяров Дүйшө

Википедия дан

Кудаяров Дүйшө (26. 4. 1939-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району) — медицина илимдеринин доктору (1981), профессор (1984). Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (2000). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1995). КММИни бүтүргөн (1962). Кыргыз акушердик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун орун басары жана 1992—2004-жылдары директору, 1988-жылдан КММИде кафедра башчысы болуп иштеген. 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти. Педиатрия боюнча адис. Көптөгөн эл аралык педиатрлар коомунун жана ассоциацияларынын мүчөсү. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын 1-президенти (Түркияда шайланган). 220дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде, 13 монография, 36 окуу куралы жана методикалык колдонмо, 5 ойлоп табуусу бар. III даражадагы «Манас», Элдердин достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Физиологические особенности крови новорожденных детей. Ф., 1983; Принципы индивидуализации кортикостероидной терапии у детей. Ф., 1986; Гематологическая оценка адаптационных возможностей организма человека. Б., 1993; Внутритробные инфекции у новорожденных детей (окуу курал). Б., 1995.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]