Кузендик нике

Википедия дан
Кузендик нике

Кузендик нике (фр. эки бир туугандын балдары). Уруулук (уруктук) жана эрте коомго таандык никенин прескривтиктик же преференциондук формаларынын бири. Кузендик никенин негизги эки тиби белгилүү. 1). Туугандардын кайчылаш кудалыгы (кросскузендик нике). Мында жигит энесинин ага-инилеринин (бир тууган, эки бир тууган жана башкалар) кыздары менен же атасынын эже-карындаштарынын (бир тууган, эки бир тууган жана башкалар) кыздары менен никелешет. 2). Орто кузендик (ага-инилердин же эже-сиңдилердин 93 ара кудалашуусу) атасынын ага-инилеринин кыздары менен же бөлөлөлөрү менен никелешет. Кросскузендик нике уруктук түзүлүштө никенин негизги формасы болгон, анткени эки экзогамдык топтун өз ара никелешүүсүн камсыз кылган. Анын ордуна орто кузендик нике пайда болот жана ага бир кыйла артыкчылык берилген. Көбүнчө атасынын ага-инилеринин кыздарына (арабдар, малагасийлер, банту элдеринин бир бөлүгү, Дагестан, Орто Азия элдери), айрым элдерде (туарегдер) бөлөлөрүнө никелешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]