Кузнецов Андрей Георгиевич

Википедия дан

Кузнецов Андрей Георгиевич (1940-ж. т., Өзбекстандын Самаркан ш.) - музыка таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995), философия илимдеринин кандидаты (2000), 1982- жылдан СССР композиторлор союзунун мүчөсү.

Жети жашынан скрипкада, фортепьянодо ойной баштаган.

  • 1950-жылдан Бишкекте (Фрунзеде) жашайт. Жалпыга билим берүүчү мектепте окуп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылыктын үйлөмө оркестринде трубада, эстрада ансамблинде фортепьянодо ойнойт. Айрым музыкалык чыгармаларды аранжирлештирүүгө аракеттенет.
  • 1961-65-ж. Кыргыз мамлекеттик М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын теория бөлүмүнөн окуйт.

Педагогдор В. Янковскийдеи, В. Кончаковдон сабак алап 1970-ж. Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваториянын тарых-теорвд факультетин сырттан бүтүрөт.

  • 1962-67-ж. окуу менен бирге концертмейстер, Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун музыка жана ырдоо кафедрасында иштейт.

Музыканын тарыхы боюнча лекция окуйт.

  • 1967-жылдан Кыргыз мамлекеттик М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында музыкалык теориясынан, тарыхыңан сабак берет.
  • 1983-86-ж. Кыргыз ССР Маданият министрлигинде, Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда иштейт,
  • 1986-жылдан Кыргыз улуттук академиясынын философия жана укук институтунун эстетика секторунда ага илимий кызматкер,
  • 1999-ж. Бишкектеги Славян университетинин чет тилдер кафедрасынын доценти.
  • 1971-жылдан тартып республикалык газета журналдын беттерине кыргыздын профессионалдык, элдик музыкасынын чеберлери, аткаруучулары, музыкалык маданияттагы ар кандай маселелер жөнүндө сүрөттөмөлөрдү, очерктерди, сын макалаларды жаза баштайт. Залкар шайырлар М. Күрөңкеев, Б. Миңжылкыев, Т. Сейталиев, Ж. Шералиев, X. Мухтаров, композитор К. Молдобасанов ж. б. жөнүндө очерктерди, баш-аягы 400дөн ашык макалаларды басма сөз беттерине жарыялайт.

Атактуу ырчылардын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Б. Миңжылкыев», «М. Махмутова», «С. Кийизбаева» аттуу очерктер жыйнагы, Р. Мадварова менен бирдикге «Темир. ооз комузда ойноо» окуу китеби жарык көргөн.

Ардак грамоталар, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.