Кукрыниксы

Википедия дан

Кукрыниксы (фамилияларынын биринчи муунунан куралып, аягына орусча көптүк сан мүчөсү уланган ылакап ат) – советтик графиктердин жана живописчилердин чыгармачыл коллективи. Куприянов Михаил Васильевич (1903-ж. т., азыркы Татарстан), Крылов Порфирий Никитич (1902-ж. т., азыркы Тула облусу), Соколов Николай Александрович (1903-ж. т., Москва). Москвадагы Вхутемас-Вхутеинде (1921–29-ж. аралыгы) окушкан. СССР сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөлөрү (1947), СССР эл сүрөтчүлөрү (1958). П. Н. Крылов (1972), Н. А. Соколов (1973) Соц. Эмг. Баатырлары. 1924-жылдан бирге иштешип, алгач көбүнчө адабият турмушунан карикатура тартышкан. 1925-жылдан газета-журналдын (“Правда”, “Крокодил” ж. б.) талабына ылайык [“Транспорт” (тушь, 1933–34), “Бөгөттөр жөнүндө” (тушь, гуашь, 1959–69) жана башка сериялары] карикатуранын жаңы тибин иштеп чыгышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары К-нын карикатуралары, плакаттары жана “ТАСС терезелери” үчүн тарткан сүрөттөрү сов. адамдарга патриоттук тарбия берүүдө чоң роль ойногон. Согуштан кийин К-нын сатирасы тынчтыктын жана социализмдин душмандарынын жүзү каралыгын ашкерелеген. 20-жылдан К. доордун жана жазуучунун тилинин өзгөчөлүгүн терең түшүнгөн иллюстраторлор катары да көрүнүштү. Станоктук живописте да реалисттик орус искусствосунун салттарын улантып, кээде ал салттарды өздөрүнүн сатиралык шыгына айкалыштырып, мыкты картиналар (“Мурунку кожоюндар”, 1936–37, Третьяков галереясы; “Фашисттердин Новгороддон качышы”, 1944–46, Орус музейи, Ленинград; “Бүттү”, 1947–48, “Таня”, 1942-47, Третьяков галереясы) жаратышты. Жеке жөндөм-шыктарын коллективдүү чыгармачылык процесске бириктирип, алар бир бүтүн “Кукрыниксынын” почеркин табууга жетишти. СССР мамлекеттик сыйлыгы (1942, 1947, 1949, 1950, 1951), Лениндик сыйлыгы (1965) лауреаттары. К. Ленин ордендери, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]