Кулакка чапмай оюну

Википедия дан

Кулакка чапмай -кыргыз эл оюну.

Оюн тегиз жерде ойнолот. Уландар менен кыздар ойнойт. Оюнга катышуучулардын саны 20дан ашпоого тийиш. Оюнчулар эки жаатка бөлүнүп катарга тизилип, маңдай – тескей турушат. Калыс жоолукту түйүнчөк кылып түйүп, оюнга катышучулардын ортосуна көкөлөтүп ыргытат. Аны оюнчулар жерден ала коюп калыска берүүгө аракеттенишет. Кайсы жааттын оюнчусу адегенде жерден алса, атаандаштары андан жоолукту талашып, колунан жулуп, алууга укуктуу. Жоолукту алган оюнчулар аны калыска берерден мурда жоолукту колдон колго өткөзүүгө же бири – бирине ыргытып берүүгө болот. Жоолук калыска тийгенде ал кайрадан ыргытат. Эгер бир оюнчу жоолукту атаандашынын колунан жулуп алса аны өз өнөгүнө берүүдөн мурда атаандашын кулакка чабышы керек. Кайсы жааттын оюнчулары атаандаштарын бирден кулакка чаап чыкса, ошол жаат жеңген болуп эсептелет. Кулакка өтө катуу чабууга болбойт.

Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары ”.