Кулак (коомдук катмар)

Wikipedia дан

Кулак -- кыштактардагы оокаты тың дыйкандардан жана орто байлардан турган социалдык катмардын Орусияда жана СССРде аталышы. 

"Кулак" сөзүнүн таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Падышалык Орусияда “кулак” сөзү аркылуу орустар анча-мынча гана оокатка ээ, бирок далдалчылык, сүткорлук жана алдамчылык менен күн көргөн социалдык катмарды аташкан.

Ал эми Кеңеш бийлиги чыңдалган соң, 1920-жылдары бул терминге жаңы маани берилип, айрым учурда дыйкан чарба ээлерин, айрым кездери орто байларды, ал эми бийликтеги ВКП(б) партиясы “тап күрөшүн тереңдетүүгө” багыт алган кезде, айыл-кыштактардагы “мите жана эзүүчү” катары бааланган оокаттуу дыйкан чарбаларынын кожоюндарын атап калышкан.

Бул сөз орусча "чоң муштум" дегенди туюнтат.

Сталинчил жазалоолор[оңдоо | булагын оңдоо]

1920-30-жылдары СССРде, анын ичинде Кыргызстанда оокаты тың далай айылдыктар "кулак" катары негизсиз айыпталып, асты сүргүнгө айдалган жана атып өлтүрүлгөн.

Бай-манап жана кулак катары сүргүнгө айдалгандар[оңдоо | булагын оңдоо]

СССРдеги жана Кыргызстандагы советтик бийликтер “кулактарды” колхоз-совхоздордон тазалап, Ала-Тоодон сырткары аймактарга депортациялоо үчүн атайын токтомдорду чыгарышып, директиваларды кабыл алышып, ошонун негизинде иш алып барышкан. <br Мисалы, 1931-жылы 29-июнда ВКП (б) БКнын Орто Азиялык бюросунун “Кулак чарбаларын көчүрүү жөнүндө” директивасы чыккан. Директивага ылайык августтан – сентябрга чейинки аралыкта Орто Азиядан Украинага, Түндүк Кавказга 6 миң кулак чарбалары көчүрүлсө, анын 700 дөн ашыгын Кыргызстандык кулак чарбалары түзгөн [1].

1932-жылдын 3-декабрындагы ВКП (б) нын Кыргыз Обкомунун “Колхоздорду кулак жана бай-манаптардан тазалоо жөнүндө” токтому да коллективдүү чарбалардын социалдык курамын бай-манап жана кулак чарбаларынан “тазалоодо” буйрукчул мүнөзү менен абдан чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыздын далай айдыңдары 1920-30-жж. бай-манап жана кулак катары жазаланган.

Алардын арасында акындар Боогачы Жакыпбек уулу, Казыбек Мамбетимин уулу ж.б. болгон.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ермолов, А. С. Пагубное влияние развития ростовщичества и кулачества в сельском быту // Неурожай и народное бедствие. СПб., 1892. С.179–190.
  • Г. Ф. Доброноженко. «Кто такой кулак: трактовка понятия „кулак“ во второй половине XIX — 20-х гг. XX вв.» // статья.
  • Solzhenitsyn, Aleksandr Isaevich, and Edward E. Ericson. "Chapter 2: The Peasant Plague." The Gulag Archipelago, 1918–1956: An Experiment in Literary Investigation. New York: HarperPerennial, 2007.
  • Бейше Урстанбеков, Тынчтыкбек Чороев. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. - ISBN 5-89750-028-2. – 288 бет.
  • Будянский Д.М. Земельно-водная реформа в Южной Киргизии. – Фрунзе, 1968.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Макаладагы тиешелүү шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

[[Category:СССР]

  1. Изменение социально-классовой структуры населения Киргизии в годы строительства и упрочения социализма (1917-1961 гг.) / Отв. Ред. Ю.А.Поляков; АН КиргССР, Ин-т истории. - Фрунзе, 1989. - 147-бет.