Кулансай археологиялык эстеликтери

Википедия дан

Кулансай археологиялык эстеликтери биздин заманга чейин 2-миң – б. з. 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар. Талас шаарынан 7 км түндүк-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жергиликтүү жашоочулардын арасында Кулан же Чийимташ деп аталат. Алар Кулансайдын жээгиндеги түзөңдөрдө жайгашып, бийиктиги 1 мге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. Ошондой эле аска бетинен 18 саптан турган согду жазуусу табылып, андан 100гө жакын түрк элдерине мүнөздүү эркектин жана аялдын аттары кездешкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]