Кулан-Сай археологиялык эстеликтери

Википедия дан

Кулан-Сай археологиялык эстеликтери — биздин заманга чейинки 2-миң — биздин замандын 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар. Талас шаарынан 7 км түндүк-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жергиликтүү жашоочулардын арасында Кулан же Чийим-Таш деп айтылган. Алар Кулан-Сайдын жээгиндеги түзөңдөргө жайгашып, бийиктиги 1 мге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. ошондой эле аска бетинен 18 саптан турган согд жазуусу табылып, андан 100гө жакын түрк элдерине мүнөздүү эркек жана аял аттары кездешкен. Кулан-Сай археологиялык эстеликтерин Д. Ф. Винник, Ч. Жумагулов, В. А. Лившиц, Я. А. Шер изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]