Кулболдиев Бейшенаалы

Википедия дан

Кулболдиев Бейшенаалы (1922, Кемин району - 1976, ошол эле жер) - комузчу.

Атай Огонбаевдин шакирти.

  • 1936-ж. Кыргыз драма театрынын чакыруусу боюнча артисттик-комузчулук ишке алынат. Ошол эле жылдын күз айында жаңыдан ачылган Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, залкар шайырлар Муратаалы, Карамолдо, Молдобасан, Саякбай, Атай, Ыбырай ж. б. менен иштеген.
  • Эл аспаптар оркестринде, Атайдын комузчулар ансамблинде ойногон.
  • 1939-ж. Москвада өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын он күндүгүндө ансамбль угуучулар гарабьшан жылуу кабыл алынган. Кийин ансамблдин катары Ш. Шеркулов, Т. Карымшаков, С. Медегов, К. Молдобасанов ж. б. менен толукталат.
  • 1950-ж. Р. Миронович менен бирдикте Н. Борошовдун «Арсар күүсүнө» эл аспаптар оркестри үчүн «Концертино» жазган.
  • Ал элдик музыкалык маданиятына жаңы табылга, чоң жаңылык катары кирген.

Кулболдиев жетектеген ансамбль таланттуу жаш комузчулар Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев, Э. Мукамбетов, О. Асанов ж. б. менен толукталат.

  • 1957-ж. комузчулар ансамбли Москвада өткөн бүткүл дүйнөлүк студенттер менен жаштардын 6-фестивалына катышып, лауреаттыкты жана алтын медалды жеңип алган.
  • 1958-ж. Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катышкан. Брюсселдеги бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга татыктуу болгон.

Ансамбль Айдыраалынын «Көйрөң күүсүн», Атайдын «Маш ботой», «Кыз кербез», Токтогулдун «Чайкама», «Kapa өзгөй» аттуу күүлөрүн чеберчиликте аткарышкан. К. ансамблди жетектөө менен өзү да Карамолдонун «Насыйкат», «Ибарат», «Колхоз камбаркан», «Терме камбаркан», «Жаш кербез», Атайдын «Марш камбаркан», «Ак тамак, Көк тамак», «Саадак какты» ж. б. күүлөрдү черткен. Б. Феферман, Д. Борбодоев менен биргелешип «Комузда ойноо» аттуу окуу китебин жазган.

«Эмгектеги артыкчылык» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.