Кулдук мөңгүсү

Википедия дан

Кулдук мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 5,8 км, аянты 4,9 км2, көлөмү 0,2 км3. Кызыл-Суунун сол куймасы Шибе суусунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5300 м, этеги 3500 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4900 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Шибенин сол куймасы — Кулдук суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]