Кулешов Александр Фёдорович

Википедия дан

Кулешов Александр Фёдорович (1906, Беларуссия, Витебск шаары — 6. 10. 1961, Фрунзе) — театр артисти, Кыргыз ССР эл артисти (1951). 1928-жылы Ленинграддык «Красный молот» театрында үйрөнчүк актёр, 1935—36-жылдары Уфа орус драма театрында актёр, 1937-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Фрунзедеги Н. Крупская атындагы орус драма театрында иштеген. Аткарган ролдору: Тихон (А. Островский, «Добул»), Степанов, Гвоздилин (Н. Погодин, «Директор», «Үчүнчү патетикалык»), Тетерёв (А. Горький, «Мещандар») ж. б. Кулешов Кыргыз ССР Жогорку Советинин (4-шайланышынын) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]