Кулиев Ашыркул Тоникулович

Википедия дан

Кулиев Ашыркул Тоникулович (2.11.1958-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - коомдук ишмер.

  • Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетин бүткөн (1980).
  • 1973-74-жылдары «Чаткал» совхозунда башкы чабан,
  • 1980-90-жылдары Чаткал райондук айыл чарба башкармалыгында улук, башкы зоотехник - мал чарбасы боюнча топтун жетекчиси,
  • 1990-92-жылдары “Башкы-Терек” совхозунун партиялык комитетинин катчысы,
  • 1992-96-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрацияда инструктор-референт, аппарат башчысы,
  • 1996-2001-жылдары Беш-Арал мамлекеттик коругунун директору,
  • 2001-02-жылдары Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн төрагасынын орун басары,
  • 2002-08-жылдары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын директору,
  • 2008-11-жылдары райондук кеңештин башкы адиси болуп иштеген.
  • 2011-жылдан Борбордук шайлоо комиссиясынын Чаткал аймактык өкүлү.
  • «Эмгектеги артыкчылыгы» (1986) медалы, облустук, райондук администрацияларынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6