Кулиев Сабыралы

Википедия дан

Кулиев Сабыралы – акын. Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында 1938-жылы 5-майда туулган. 1956-жылы Мады айылында орто мектепти аяктап, М.В.Фрунзе атындагы колхоздо комсомол комитетинин катчысы болуп иштеген.

1958-жылы «Ленин жолу» облустук гезитине адабий кызматкер болуп которулган. 1964–1968-жж. Жогорку партиялык мектепте окуп, кайрадан «Ленин жолу» гезитинин жооптуу катчысы, 1970-жылдан Ош облустук телерадиокомитетинде башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1974–1977-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы, 1977–1991-жж. Кыргыз телерадиокомитетинин Ош облустук кабарчылык пунктун жетектеген.

1956-жылы анын «Жаз жөнүндө» деген биринчи ыры Ош облустук «Ленин жолу» гезитине жарыяланган. Ырлары облустук жана республикалык гезиттерде жана журналдарда басылып турган.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ош жөнүндө ода: Ыр, поэмалар. – Ош, 1999. – 44 б.

Тагдыр: Иргелген ырлар. – Ош, 2000. – 62 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]