Кулманов Муктар Кукул

Википедия дан

Кулманов Муктар Кукул (1932-ж.т., Талас облусу, Буденный району) - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1998).

Ош педагогикалык институтун (1950) бүткөн. 1953-57-жылдары Базар-Коргон районунун Акман орто мектебинде мугалим, 1957-67-жылдары В.И.Ленин атындагы мектеп-интернатта мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1967-99-жылдары Гагарин атындагы орто мектепте директор болуп иштеген. СССР ИАнын география коомунун мүчөсү (1991).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6