Кулматова Айниса

Википедия дан

Кулматова Айниса – жазуучу. Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында 1949-жылы 31-мартта туулган. 1966-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1971-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз ССРинин мамлекеттик телерадио комитетинин балдар жана жаштар үчүн уктуруулар редакциясына редактор болуп иштөө менен баштаган. Балдар жана жаштар «Жигер» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмесинде башкы редактор, Кыргыз мамлекеттик телерадиокомпаниясында баяндамачы болуп эмгектенип келет.

Анын балдар үчүн жазылган алгачкы аңгемелери «Жаш Ленинчи» журналына, «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган.

Куурчак театры үчүн жазылган «Мактанчаак», «Булут издеген бала» пьесалары коллективдүү жыйнактарда жарык көргөн.

Ал Анатолий Алексиндин бир нече аңгемелери, орус, поляк жазуучуларынын аңгемелерин, Шаролта Раффаинин “Кайтып келүү” повестин кыргыз тилине которгон.

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиокорпорациясынын отличниги” төш белгилеринин ээси.

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Досумдун медалы: Балдар үчүн аңгемелер жыйнагы. – Ф.: Мектеп, 1980. – 30 б.

Чолпон: Балдар үчүн аңгемелер жыйнагы. – Б.: Мектеп, 1982. – 70 б.

Өчпөс элес. – Б., 2008.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]