Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич

Википедия дан

Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич [19. 10. 1963-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Аксы району, Кербен айылы] — техника илимдеринин доктору (2004), профессор (2005). Фрунзедеги политехникалык институтту (ФПИ) (1986), Москвадагы тамак-аш өнөр жай институтунун аспирантурасын (1992) бүтүргөн. ФПИде (азыркы И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде) инженер, окутуучу (1986), улук окутуучу, доцент (1992), декан (2003). 2003-жылдан «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин инженердик факультетинде бөлүм башчы, декан, проректор, биринчи проректор. Тамак-аш өнөр жайындагы машиналар жана аппараттар, тамак-аш азыктарынын физико-химиясы жана реологиясы, спектралдык анализ боюнча адис. 51 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 8 ойлоп табуунун автору. Эмгектери: Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын машиналары жана жабдуулары (авторлош). М., 2003.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]