Кулмырза менен Аксаткын

Википедия дан

«Кулмырза менен Аксаткын» - кыргыз элинде кеңири таралган лирикалык дастан. Дастандын учурда сегиз варианты бар экендиги белгилүү. Дастанда бузукулардын жолтоосунан баш кошо албай калган ашык жарлардын аруу сүйүү сезими, акыр аягындагы алардын кейиштүү тагдырлары жөнүндө баяндалат. Дастан көлөм жагынан чакан, кошок формасында. Эл оозунда Кулмырза менен Аксаткын тарыхта чыныгы болгон адамдар катары айтылат. Ноокат аймагында (Чечмесай) комуздун коштоосу астында да айтылары маалым.

Чыныгы сүйүү туурасындагы бул баян феодалдык коомдун мезгилинде, уруулук

түзүлүштү, элдик салтты курал катары, мыйзам катары пайдаланган («Эл укса эмне дейт», «бирөө көрсө эмне дейт», деп элдин, коомдун пикири менен эсептешип, жеке адамдын тагдыры эске алынбаган заманда) оор шартта жаралып, ошол мезгилдеги акыйкатсыз көрүнүштөрдүн бир үзүмү сыяктуу элдин эсинде калган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]