Кулсереков Асанбек

Википедия дан

Кулсереков Асанбек (15. 3. 1933-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - эмгек ардагери.

1953-ж. Жумгал районуна караштуу Кайырма орто мектебин жана 1954-жылдары Токмоктогу 6 айлык механизаторлордун курсун бүтүргөн. Суусамыр МЖСинде 1968-жылга чейин тракторист болуп иштеген.

1961-1992-жылдары кой чарбасында башкы чабан болуп эмгектенген.

Ал «СССРдин Эл чарба жетишкендиктери» (эки жолу) төш белгиси, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «Эмгек ардагери » жана Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалдары, «Эмгек Кызыл Туу» жана Ленин ордендери, СССР Айыл чарбасынын отличниги төш белгиси менен сыйланган. СССРдин 9-, 10-беш жылдыктарынын ударниги болгон.

Ошондой эле баалуу сыйлыктардын да (1971-ж., Москвич 412; 1980-ж., Нива; 1990-ж., УАЗ) ээси. Учурда жеке менчик фермерлик менен алектенет. Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9