Кулуева Эльнура Шабданбековна

Википедия дан

Кулуева Эльнура Шабданбековна (5. 4. 1977-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - журналист.

Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн (1998).

  • 1996-97-жылдары «Кыргыз руху» гезитинин, «Учкун» саясий-коомдук басылмасында кабарчы.
  • 1997-2003-жылдары «Аалам» газитинде редактордун орун басары, жооптуу катчысы болуп иштеген.
  • 2003-04-жылдары «Кыргыз руху» газетасынын башкы редактору.
  • 2005-ж. «Аалам» басылмасында редактор, башкы редактор.
  • «Жаңы ордо» гезитинин жооптуу катчысы (2006), 2007-2010-жылдары «Алиби», «Аман» коомдук-укуктук гезиттеринин башкы редактору.

Ч. Айтматов атындагы клубдун мүчөсү. Бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын «Мыкты журналисти» наамына татыктуу болгон. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кулуев Шабданбектин кызы. Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9