Кулуев Шабданбек

Википедия дан

Кулуев Шабданбек – акын. Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган.

1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы. Суусамыр өрөөнүндөгү 8-март, Каракол башталгыч мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1969–1990-жж. Жумгал районунун Жумгал, М.В.Фрунзе атындагы орто мектептерде тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор, 1990–2006-жж. Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп иштеген. Республикалык “Кыргыз туусу” гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы.

1987-жылы “Эмгек ардагери” медалы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.

Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири болуп, 1994-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилген.

2002-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын алган. “Жайыл районунун Ардактуу атуулу”. 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгеги үчүн” пенсиясы ыйгарылган жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун “Кеменгер” төш белгисинин ээси.

1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2011-жылдан "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардактуу наамына ээ болгон.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Куланчы мерген: Ырлар. - Ф.: Мектеп,1987. - 86 б.

Алас-алас: Сатиралык ырлар. - Б.: Учкун, 1995. - 94 б.

Кийик-Сай: Ырлар. - Б.: Учкун, 1997. - 84 б.

Кылымдар жаңырыгы: Даректүү баян. - Кара-Балта, 2003. - 124 б.

Сезим кайрыктары: Ырлар. - Б.: Бийиктик, 2005. - 108 б.

Мидин минткен экен: Сатиралык аңгемелер. - Б.: Учкун, 2006. - 343 б.

Эл жер баяны: Публицистика. - Б.: Бийиктик, 2007. - 148 б.

Өмүр издери: Эскерүү. - Б.: Бийиктик, 2008. - 86 б.

Суусамырлык чабан. –Б.: Бийиктик, 2010. –87 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://knews.kg/2011/08/gosudarstvennyie-i-obschestvennyie-deyateli-kyirgyizstana-nagrajdenyi-ordenami-i-zvaniyami-spisok/