Кулуев Шайбек

Википедия дан

Кулуев Шайбек (28. 12. 1958-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - педагог, жетекчи кызматкер.

Пржевальск шаарындагы педагогика институтунун физика факультетин бүтүргөн (1981). Эмгек жолун Жумгал райондук эл агартуу бөлүмүндө инспектор болуп иштеп баштаган. 1983-92-жылдары Кызыл-Ойдогу мектепте физика мугалими, окуу-тарбия башчысы, 2006-жылдан директор болуп иштеп келе жатат. Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9