Кулумбаев, Өмүркул

Википедия дан

Кулумбаев, Өмүркул – акын. Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылында 1933-жылы 15-майда туулган. 1950-жылы айылында орто мектепти бүтүрүп, эмгек жолун Нарын облустук типографиясында терүүчү болуп иштөө менен баштаган. 1954–1957-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1957-жылдан Нарын шаардык аткаруу комитетинде, 1958-жылдан Тянь-Шань облустук аскер комиссариатынын начальнигинин жардамчысы болгон. 1961-жылы кызматтык командировка учурунда автокырсыкка кабылып, эки буту баспай калган. Ошондон баштап чыгармачылык иште. 1-топтогу майып.

1966-жылдан баштап ырлары басма-сөздө жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Турмуш кайрыктары» деген ат менен 1970-жылы басылып чыккан. 10 поэтикалык жыйнактын автору. Көптөгөн ырларына обондор жаралган. Акындын кээ бир ырлары орус тилинде жарык көргөн.

1972-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Турмуш кайрыктары: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1970. – 84 б.

Менин эрким: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 80 б.

Каккын жүрөк: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 83 б.

Менин үнүм: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1973. – 40 б.

Уч кыялым: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1976. – 79 б.

Бийик дабандар: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 68 б.

Көктөм жыты: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 76 б.

Тоолор сүйлөйт: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 155 б.

Арчалуу булак: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 152 б.

Элет торгою: Ырлар. – Ф.: Адабият. 1990. – 96 б.

Элет торгою: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2001. – 177 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]