Мазмунга өтүү

Кулун-Ата коругу

Википедия дан

Кулун-Ата коругуКара-Кулжа районунун аймагында. Фергана тоо тизмеги менен Алай кырка тоосунун аралыгында Тар суусунун жогорку алабында жайгашкан. Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арчаийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экол. системасын коргоо максатында 2004-жылы уюштурулган. Аянты 27,4 миң га, анын ичинде токой аянты 3,5 миң га (12,7%). Жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шартынын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]