Кумамото
Көрүнүш
(«Кумамото шаары» барагынан багытталды)
Кумамото — Жапониядагы шаар. Кюшю аралында жайгашкан. Кумамото префектурасынын администрациялык борбору. Ширакава дарыясынынын чатында, Кюшю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 675,8 миң (2009). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. 16-кылымдын аягында негизделген. Мунаралуу капка (1607), будда храмы ж. б. сакталган. Текстиль, тамак-аш, химиялык, машина куруу, электр жабдуулары (күн батареяларын чыгаруучу завод), кагаз өнөр жай ишканалары, мөмө-жемиш менен жашылчаларды белендөөчү, фарфор жана жарым өткөргүчтөр өндүрүштөрү иштейт. Көркөм буюмдар да чыгарылат. Балык кармап, белендөө кеңири өнүккөн. Университеттер, лютеран колледжи, музейлер бар. Туризм өнүккөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9