Кумандар

Википедия дан

Кумандар — XI—XIV-кылымдарда жашаган Борбордук Азиядагы түрк тилдүү уруулардын роман, герман ж. б. тилдеринде аталышы. XI кылымда Тугра хан жана Баян башында турган Кумандар Кара деңиз, Дон, Волга дарыясынынын бойлорунда жайгашып, рус элине(1068-, 1092-, 1093-, 1096-жылдары), Мажарстанга (1070-, 1091-, 1094-жылдары), ошондой эле Византияга (1087-, 1095-жылдары) жортуул жасашкан. Киев Рус княздары менен үй-бүлөлүк мамилелерде болушуп, 1223-жылы моңголдорго каршы бир союзга биригишкен. Кийин кумандардын көбү Алтын Ордого жана Балкан жарым аралына ооп, калгандары Мажарстан мамлекетинин карамагында калган. Орус тарыхый даректеринде «половецтер», түрк тилдүү маалыматтарда «кыпчактар» деп аталат. Айрым изилдөөчүлөр «куман» — куу, кижи (лебединдер), кумандылар (алтайлыктар) экенин болжолдошот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]