Кумеков, Булат Ешмухамбетович

Википедия дан

Кумеков Булат Ешмухамбетович, таанымал окумуштуу, чыгыш таануучу, тарых илимдеринин доктору (1993), профессор, Казак Улуттук Илимдер Академиясынын корроспондент-мүчөсү. Б.Е.Кумеков араб, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөгөн жана жазган илимпоз. Аль-Фараби атындагы Казак Улуттук университетинин Казакстандын орто кылымдардагы тарыхы кафедрасынын жетекчиси, Кыпчактаануу дүйнөлүк илим-изилдөө Борборунун директору, бир эле учурда Казакстан Юридика университетинин кафедра башчысы болуп эмгектенет. Түрк, араб, иран тилдүү элдеринин тарыхы, филологиясы, кыпчактаануу, чыгыш булактарын изилдөө боюнча ири адис. Б.Е.Кумеков 1940-ж. Казак ССРинин Жамбыл (Тараз) шаарында туулган. 1963-ж. Ташкент Мамлекеттик университетинин чыгыштаануу факультетинин араб бөлүмүн аяктаган. 1963-1965 жж. СССРдин Египеттеги Асуан курулуш-проектисинде котормочу болуп эмгектенген. Казак ССРинин ИАсынын Тарых жана этнография институтунда аспирант, кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, 1974-1996 жж. бөлүм башчы кызматтарын аркалайт. Б.Е.Кумеков түрк тилдүү элдеринде гана эмес, жалпы дүйнөлүк чыгыштаануу, түркология, түрк тарыхын изилдөө жаатындагы белгилүү окумуштуулардын бири. Булактаануу багыты аркылуу орто кылымдардагы кимак-кыпчактар, алардын этностук тарыхы, орто кылымдардагы локализациясы, жайгашуу жана таралуу ареалы боюнча фундаменталдуу эмектерди жазып келет. Анын калеминен 260 илимий эмгек, анын ичинен 5 монография, 2 окуу китеби жарык көргөн.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Государство кимаков IX-XI вв. по арабским источникам. Алма-Ата, 1972.
  • История Казахской ССР. Т.1,2. Алма-Ата, 1976, 1979.
  • Арабские и персидские источники по истории кипчаков VIII-XIV вв. Алма-Ата, 1987.
  • История Казахстана. Очерк. Алма-Ата, 1993.
  • История Казахстана в средние века (VI-XVII вв.). Алматы, 1996.
  • История Казахстана. Т.1,2. Алматы, 1996-1997.
  • History of Kazakstan. Essey. 1998.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015