Кумеков Булат Эшмухамбетович

Википедия дан

Кумеков Булат Эшмухамбетович (5. 8. 1940, Казакстан, Жамбыл (азыркы Тараз) шаары) — тарых илимдеринин доктору (1994), профессор (1996), Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1995), академиги (2003). 1963-жылы Ташкент педагогикалык институтун бүткөн. 1963—65-жылдары Асуан шаарында котормочу, 1965—74-жылдары Казак ССР Илимдер академиясынын Тарых жана этнология институтунда аспирант, илимий кызматкер, 1974—96-жылдары бөлүм башчы, 1997-жылдан Казак мамлекеттик юридикалык университетинде Казакстан тарыхы кафедрасынын башчысы. Араб, фарсы, түрк тилдүү маалыматтар аркылуу Орто Азиянын орто кылымдардагы тарыхы, маданияты, булак таануу, тарых-география жана картографиясын изилдөөдө олуттуу салым кошкон. 450дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 15 монография) автору. Эмгектери: Государство кимаков IX—XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Арабские и персидские источники по истории кипчаков XI—XIII вв. А.-А., 1987; Арабские источники по истории кипчаков, куманов и кимаков VIII—XIII вв.. СПб., 1994.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]