Кумтөр күкүрт кени

Википедия дан

Кумтөр күкүрт кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, деңиз деңгээлинен 3800–4000 м бийиктикте жайгашкан (Кумтөр алтын кенинин чегинде). 1989-ж. Үчкошкон геол. экспедициясы чалгындаган. Кен филлиттеги кварц-талаашпаты-карбонат-пириттүү метасоматиттен түзүлгөн. Рудадагы пириттүү күкүрттү күкүрт кислотасын өндүрүүгө пайдаланууга болот. Рудада күкүрттүн өлчөмү 1–13%. Күкүрттүн запасы В категориясы боюнча 784 миң т, С1–1932 миң т, В+С1 – 2717 миң т, С2–315 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]