Кумуктар

Википедия дан

Кумуктар (өздөрүн кумук деп аташат) — Россия Федерациясындагы эл, Кумык түздүктөрүндө жана Дагстан тоо этектеринде жашаган жергиликтүү калк. Саны 422,4 миң киши, анын ичинде 365,8 миңи Дагстанда, 8,9 миңи Чеченстанда, 12,6 миңи Түндүк Осетияда, 5,6 миңи Ставрополь крайында, 12,3 миңи Тюмень обл-нда (2002), ошондой эле Казакстан, Украина, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Иорданияда да жашашат. Кумук тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери — мусулмансунниттер. Кумыктардын этностук негизин Түндүк-Чыгыш Дагстанда жашаган байыркы уруулар — аборигендер жана түрк уруулары (кыпчактар) түзгөн. Кумыктар этноними жөнүндө алгачкы эскерүү (биздин замандын 2-кылымында) антикалык, ошондой эле Плиния Улуу жана Клавдий Птолемей ж. б. авторлордун чыгармаларында кездешкен. Кумыктардын этнос катары калыптанышы 12—13-кылымдарга таандык. Негизги кесиби — дыйканчылык, мал чарбачылык жана балык уулоочулук. Эркектери көйнөк, ыштан, бешмет, чепкен, тон, бурка, башына папах, аялдар узун көйнөк, ыштан, булгаары бут кийим кийишип, башына жоолук салынып, кооздуктарды тагынышкан. Тамак-ашы — негизинен эт, сүт, дан азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]