Кумурска кислотасы

Википедия дан

Кумурска кислотасы, НСООН – эң жөнөкөй, бир негиздүү карбон к-тасы, мол. масс. 46,03; кескин жыттуу түссүз суюктук;балкып эрүү t 8,25оС; кайноо t 100,7оС дис. константасы К = 1,765 × 10-4 (20оС). К. к. аба менен болгон аралашмалары (1:6 жана 1:2) жарылуу коркунучуна алып келет. Суу, диэтил эфири, этанол менен бардык катышта аралашат. Бензолдо ченемдүү эрийт. Суу менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. К. к.. калдыгын формил, анын туздарын формиаттар (Na, К) деп аталат. К. к. - күчтүү щелоч. Тамчысы териге тийсе жаралантып жиберет. Жаратылышта кеңири таралган: карагай жана чалкан курамында, кумурска жана аары уюгунда кездешет. Бул к-та биринчи жолу кумурска бөлүп чыгарган суюктуктан алынган. К. к. карбоксил тобу углеводороддук радикал эмес, суутек атому менен байланышкан үчүн башка к-талардан айырмаланат. Ушуга байланыштуу, бир жагынан, ал башка алифаттык к-таларынан күчтүрөөк, экинчи жагынан, альдегиддерге мүнөздүү калыбына келтиргичтик касиеттерге ээ. Мис., сымап туздарын, күмүш оксидинин аммиактагы эритмесин металл түрүндөгү сымап жана күмүшкө чейин калыбына келтирет.

О

H -C + HgCl2 ® Hg + CO2 +2HCl

ОН

HCOOH + 2[Ag(NH 3)2]OH ® 2Ag¯ + 2H2O + CO2 + 4NH3

К. к. кээ бир синтезде калыбына келтиргич катары колдонулат, мис.:

(С6Н5)3СОН +НСООН ® (С6Н5)3СН + СО2 +Н2О

К. к. ысытканда (~160оС) СО2 жана Н2О-га бөлүнөт. Конц. күкүрт к-тасы менен ысытканда ал көмүртек оксидине жана сууга ажырайт:

H2SO4, tо

HCOOH —————® H2O + CO

Н2О2 менен НСОООН чейин окистенет. Натрий формиатын ысытса, натрий оксалаты алынат:

2HCOONa ——® NaOOC-COONa + H2

Ө. ж.-да көмүртек (II) оксидин же генератор газын катуу щелочь менен 100-1050С жана 5-10 атм. ысытуудан, натрий формиаты алынат:

СО + NaOH ® HCOONa;

Метанды катализдик окистенүү м-н, о. эле көмүртек (II) оксиди жана суудан түз синтездеп К. к. алуу ыкмалары белгилүү:

СО + Н2О ® НСООН;

К. к. кездемелер боёодо, жаратылыш каучугун алууда коагуляциялоочу каражат катары, медицинада (кумурска спирти) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]