Кумык тили

Википедия дан

Кумык тили — кумуктардын тили; Дагстандын мамлекеттик тилдеринин бири. Дагстанда, Чеченстанда, Түндүк Осетин Респына тараган. Кумык тили түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет, бирок анда огуз топторуна жакындаткан элементтер да арбын кездешет. Карачай, балкар, ногой, караим жана крым татарларынын тилине жакын. Адабий кумык тили Октябрь революциясынан кийин касавюрт жана буйман диалектисинин негизинде түзүлгөн. Жазуусу 1928-жылы чейин араб алфавитинде, 1928—38-жылдары латын жазуусунда, 1938-жылдан орус графикасына өткөн. Кумык тилинде орус тилинен кирген сөздөр арбын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]