Кум-Арык көрүстөнү

Википедия дан

Кум-Арык көрүстөнү — 3—6-кылымдарда жашаган көчмөн урууларга таандык археологиялык эстелик. Чүй өрөөнүнүн Кум-Арык кыштагына жакын жердеги Кайнар-Булак коктусунда жайгашкан. 38 дөбө-мүрзө бар. Ар биринин диаметри 6—18 м, бийиктиги 0,7—1,5 м. Мүрзөлөрдүн көбүндө бирден, кээ биринде экиден адам сөөгү коюлган. Алар — антропологиялык жактан моңголоид аралашмасы бар европеоид тибиндеги адамдар. Дөбө-мүрзөлөрдү казуу убагында карапа идиш сыныктары, коло күзгүлөр, топчулар, сөөктөн жасалган бычак саптар, тогоолор, жүздөн ашуун ар кандай түстөгү шурумончоктор, бүркүт тырмагы, акак таш чөгөрүлүп кооздолгон алтын асем буюмдар, коло тыйын ж. б., ал эми биздин заманга чейинки 6—4-кылымдарга таандык бир мүрзөдөн үч коло жебе табылган. Казанактуу 31 мүрзөнү 1975-жылы археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]