Кум-Төр эстеликтери
Көрүнүш
Кум-Төр эстеликтери Ысык-Көл облусунун Кум-Төр жергесинен (Кашка-Суу, Үч-Чат, Май-Төр) табылган. Мезолит, неолит доорлоруна тиешелүү. Анын негизги өзгөчөлүгү — бийик аймакта (деңиз деңгээлинен 3400—3600 м бийиктикте) орун алышы. Нуклеустар, жалпак, кичине жарака таштар табылган. Айрым жалпак жана кичине таштардын бети боёлгон. Эмгек куралдары халцедон, роговик таштарынан жасалган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9