Кунг-фу панда 3

Википедия дан
Кунг-фу панда 3.

"Кунг-Фу панда 3" (англ. Kung Fu Panda 3) - 2016-жылы, Dream Works Animation тасма студиясы аркылуу экранга чыккан, 20th Century Fox аркылуу таралган Кытай-Американын 3D-анимацияланган жандуу комедия согуштук искусство жанрындагы тасма. Бул тасма "Кунг-Фу Панда" франшизанын үчүнчү сериясы, "Кунг-Фу Панда 2" (англ. Kung Fu Panda 2, 2011) тасманын уландысы. Тасманын сюжети боюнча, По пандалар жашаган кыштак бар экендигин билип, тууган атасы жана башка пандалар менен жолугат, бирок Кай аттуу каардуу арбак жоокери өлгөндөрдүн дүйнөсүнөн кайтып кунг-фу чеберлердин Циларын уурдап баштаганында тынч жашоо аягына келип көйгөйлөр башталат. Кайдын баардык кунг-фу чеберлердин жана пандалардын Цилерин уурдоосуна жолтоо болуш үчүн По анын нефрит жардамчыларына каршы күрөшө турган пандалардын армиясын түзөт. По өзү Кайды жеңип жолдошторун куткарыш үчүн ци-чебери болууга аргасыз.

Тасманын режиссерлору: Женнифер Ю Нельсон менен Алессандро Карлони, сценаристтери: Жонатан Айбел менен Гленн Бергер, продюсери: Мелисса Кобб менен Гильермо дель Торо (аткаруучу). 2008-жылдан, тасманын алгачкы бөлүмүнөн баштап аткарган актерлор: Жек Блэк, Дастин Хоффман, Анжелина Жоли, Лүси Лү, Сет Роген, Дэвид Кросс, Жеки Чан, Жеймс Хонг жана Рэндолл Дак Ким (Угвэй). Аларга кийин кошулгандар: Брайан Крэнстон (Ли Шань), Жонатан Кимбл Симмонс (Кай) жана Кейт Хадсон (Мей Мей).

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]