Мазмунга өтүү

Кундуз тикен

Википедия дан

Кундуз тикен (Echinops) — өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы 50—150 смге жетет, түз өсөт, бутактуу, жалбырагынын жээги тегиз же тилкелүү, кезектешип жайгашкан, Узундугу 10—25 см, туурасы 3—10 см, жээги тикенектүү. Гүлү катуу кирпикчедей ороочтуу, томолок башчадай топ гүлдү түзөт, сабактары бутактын чокусунда жайгашкан. Ар бир гүлү түтүкчөдөй, көгүш кызыл, көк түстө, аталыгы 5, энелиги 1, эки жыныстуу. Мөмөсү үпүчөлүү данча. Жер жүзүндө 130 түрү Евразияда, Жер Ортолук деңиз жээгинде, Түндүк-Чыгыш Африкада таралган. Кыргызстанда 10 түрү жапыз жана бөксө тоодогу боздоңдо, өзөндө жана шалбаада кездешет. Айрымдары чабынды шалбаанын, жайыттардын отоо чөбү катары тоют чөпкө кыйла зыян келтирет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]