Куниев Анарбай Хайитбаевич

Википедия дан

Куниев Анарбай Хайитбаевич (1957-ж.т., Наманган облусу) - коомдук ишмер. Фрунзе политехникалык институтун бүткөн (1982).

  • 1982-86-жылдары Кара-Көл шаарындагы «Достук» заводунда инженер, ага инженер,
  • 1986-2001-жылдары Чаткал районундагы «Цветметэлектроаппарат» заводунда мастер, цехтин башчысы, башкы энергетик, директор,
  • 2001-02-жылдары Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
  • 2002-10-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, 1-орун басары,
  • 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Энергетика жана отун ресурстары министрлигинде статс-катчы,
  • 2011-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкы инспектору болуп иштеген.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кенешчиси. Облустук, райондук кеңештин бир нече жолку депутаты.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6